Өкмөткө бир мисал…

Токтогулдун Толук айыл өкмөтүндөгү “тоголок”  иштер…

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов  аймактардагы жолугушуулардын биринде сөөмөйүн соройтуп, “айыл өкмөттөр, бардыгыңар сыноо мөөнөтү менен отурасыңар, иштей албайсыңарбы, кредит алып, мал баккыла” деп опулдаганын көргөн элек. “Батышты көрүп келген бала эмеспи, башы иштейт” деп элди билбейм, мен ишенем.  Бизге келген көп кайрылуулардын ичинен жергиликтүү бийликке тиешелүү бир топ маселелер бар. Бардыгын болбосо дагы, Өкмөткө мисал кылып, бирөөсүнө токтолобуз. Кыргыз Өкмөтүнө бул бир мисал деп кабыл алышса болот.

Токтогул районундагы Толук айыл өкмөт башчысынын үстүнөн К. Масылбаев менен А. Амановдор тарабынан жазылган арыздар бир гана бизге эмес, Токтогул районунун акимин баш, прокурорун төш кылып жазылып, кенедей болсо дагы чындык талашкан бул жарандар  айыл өкмөт башчы тарабынан “арызчыл” аталышыптыр. Биз ирээти менен түшөлү.

Толук айыл өкмөт башчысынын үстүнөн болгон талаш,  негизинен ал киши жайыт комитетин жетектеп тургандагы мыйзамсыз иштер жана ал кишинин кызмат ордуна байланыштуу эмгек китепчесинин жасалма экендиги тууралуу.  Айыл өкмөттөгү маселе талашкан тараптардын каттарын окуп отурсаң өтө убакыт кетчүдөй. Саат түгүл,  секунда баалуу болуп отурган мезгилде аким баш болуп, эскертүү, сөгүштөрдү кучактап отура бергендерине таң каласың. Ошондуктан биз үстүртөн, зарыл делген жагдайларга гана токтолуп өтөлү.

З. Дүйшеев Толук айыл өкмөтүнүн башчылыгына келгенге чейин 2017-жылдан 2021-жылга чейин аталган айылдын жайыт комитетин жетектеп келген экен. Бул аралыктагы мыйзамсыз иштер деп эсептегендиктен А. Аманов дагы, К. Масылбаев дагы райондун акимине жана прокуроруна кайрылышкан. Мисалы, К. Масылбаев менен Ч. Бекмамбетовалардын арызынын негизинде түзүлгөн комиссия айылдын жайыт комитетинин төрагасын мыйзамсыз шайлоо болгондугун тактап, Толук айыл өкмөтүнүн башчысы З. Дүйшеевге жазган аким А.Түкөбаевдин  катында (2022-жылдын 28-январдагы №115)  2021-жылдын 21-сентябрындагы жайыт комитетинин төрагасын шайлоо боюнча кошмо жыйында шайланган К. Масылбаевди  ордуна коюуну талап кылган. Бул маселе кандай чечилгенин тактаган жокпуз. Бул бир кемчилик….

Акимдин наамына айылдык кенештин мурдагы депутаты А. Аманов менен К. Масылбаев 2022-жылдын 4-февралында дагы кайрылышып, арыз менен кайрылып, З. Дүйшеев жайыт комитетинин жетекчиси болуп шайлангандыгы мыйзамсыз экендигин, керек болсо райадминистрациядан келген комиссияга төрага болуп шайлангандыгы тууралуу токтомду көрсөтө албагандыгын, комитетке мүчө болуп шайлангандыгы мыйзамсыз экендиги тууралуу прокуратурага кайрылышканын, иш тергөөгө кеткен бойдон жооп болбогондугун, ошентип төрт жарым жыл иштеген З.  Дүйшеев керек болсо айлыгын дагы мыйзамдаштырып албагандыгын, табель менен эсеп китеби эзели жүргүзүлбөгөндүгүн, бул аудит учурунда дагы, комиссиянын текшерүүсү менен дагы далилденгендигин, төрт жылда прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү чаралар көрүлбөгөндүгүн белгилешкен.

Ал эми Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын 2021-жылдын 20-декабрындагы №10- “Ченемдик укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары жана өздөрүнүн кабыл алган чечимдерин аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча Толук жана Чолпон-Ата айыл өкмөттөрүнүн жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө” кабыл алынган токтомдун 6-пунктун окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн так көрсөтүп кетели. Анда “Толук айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүн башкарган мезгилден бери, айыл өкмөтүнүн иши солгундап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарын жана милдеттерин так аткарбай, жетишсиз иш жүргүзүп, эл алдында өзүнүн жоопкерчилигин сезбегени жана Толук айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча, өнүктүрүү багытында учурдун талабына ылайык иш алып барылбагандыгы, КР Президентинин Жарлыктары, КР Министрлер кабинетинин токтом, буйруктарын, ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана райондук мамлекеттик администрация тарабынан берилген тапшырмалардын аткаруусуз калганы. Айыл тургундарынын атынан айыл өкмөтүнө караштуу арыз-дооматтардын келип түшүшү жана өз убагында чечилбегендиги, ошондой эле айыл өкмөт башчысынын өзүнүн үстүнөн арыздардын көп түшүп жаткандыгы үчүн мурда алган тартиптик  жазаларын эске алуу менен комиссиянын маалыматында жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде Толук айыл өкмөтүнүн башчысы З.  Дүйшеевдин кызмат ордуна мындан ары иштөөсүн карап, чечүүнү сунуш кылат” деп жазылган.  Биз бул тууралуу аким менен байланышкан учурубузда аталган токтом бар экендигин, айыл өкмөт башчысы З. Дүйшеевдин үстүнөн эскертүү, катуу сөгүш берилгендигин, азыр кемчиликтерди жоюуга убакыт беришкени менен катуу чара көрүлө тургандыгын айтты. Муну албетте убакыт көрсөтөт. Айта кетүүчү жагдай, КР эсептөө палатасы 2018-жылдын 1 январынан тартып, 2019- жылдын 31-декабрына чейин Толук айыл өкмөтүндө “баса жатып”  текшерүү кылган аудит кагазы кошо жүрөт. Анда айыл өкмөттүн ошол кездеги кемчиликтери, эсеп-кысабы баары көрсөтүлүп, корутундуда жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги жагдайлар жагы орун алган. Ошол кезде учурдагы айыл өкмөт башчы арыз ээлери белгилегендей жайыт комитетинин башчысы болгон экен.  Кыскасы, ушундай.  Баса, Токтогул районунун акиминин орун басары Н. Кожобергеновдун  2021-жылдын 13-декабрындагы  Толук айылынын жашоочусу А. Амановго айыл өкмөттөгү бир катар жагдайлар боюнча  фактылары чынында олуттуу көңүл  бурууну талап кылат экен, бир алган жагдай орун басар мындай олуттуу каттарды чыгарма жазгандай эмес, расмий жазганды үйрөнүүсү талапка ылайык келсе керек.

Эми укуктук жагдайларга токтололу. Ушул эле айыл өкмөт башчысы З.Дүйшеевдин үстүнөн арыз ээлери  райондук прокуратурага жана райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышкан. Ал эми  Толук айылынын тургуну Эдилкан Сыргабаев АРИС программасы аркылуу келген чөп таңгактан баштап, Шамшыкалдын 4 сомдон келген тузуна чейин, биз айткан жайыт жана башка маселерди кошо камтып, Улуттук Коопсуздук Комитетинин жетекчиси К. Ташиевге жана аталган кызматтын райондук жетекчиси М. Эсенбековго дагы кайрылган. Эдилкан Сыргабаев кайрылуусуна жооп алды беле же жокпу белгисиз. З. Дүйшеевдин эмгек китепчеси жасалма  деп арыз менен К. Масылбаев райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арыз “Корош”, “Сыязбек” дыйкан чарбасында ж. б. жерлерде иштеген делген маалыматтар бири-бирине дал келбегендиги сыяктуу жагдайлардан улам  02-146-2022-000009 саны менен ЕРППга катталган экен, мунун андан аркы тагдыры белгисиз.

Ал эми Токтогул районунун прокурору А. Мамыров К. Масылбаевге  2022-жылдын 14-февралында  №22/146-00-07-112-00103 сандуу кат жиберип,  анда З. Дүйшеев боюнча жазылган арыздын негизинде текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2022-жылдын 14-февралында Кылмыш-Жаза Кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Токтогул райондук прокуратурасынын МЭЖна катталгандыгын, кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим алынаарын көрсөткөн. Ал эми жайыт комитетинин башчысын шайлоодогу мыйзамсыздык боюнча, райадминистрациянын 2021-жылдын 26-ноябрдагы  №299 сандуу буйругу менен сөгүш жарыялангандыгын ж. б. жагдайларды көрсөткөн.

Ал эми А. Мамыровдун А. Амановго жазган 2021-жылдын 14-июлундагы катында З. Дүйшеевдин  үстүнөн жайыт комитетинин төрагасы болуп иштеген мезгилдеги А.Амановдун арызынын негизинде 03-313-2021-000147 сандуу иш ачылып,  сотко чейинки өндүрүш башталып, РИИБ үнүн тергөө аракеттеринен кийин өндүрүштөн кыскартылгандыгын, ошондой эле  А. Амановдун дагы бир “Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын  эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемесинен бөлүнгөн 590000  сом каражатынын 404000 сом акча каражаты которулуп, калганы дайын жок деген дооматы боюнча КР ЖКнын 329-беренесинин 1-бөлүмү менен Токтогул райондук прокуратурасынын кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү  реестрине 03-146-2020-000056 саны менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып,  өндүрүштөн кыскартылгандыгын белгилеген. Мунун мыйзамдуулугун карап чыгып, прокуратура кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИБ нүн тергөө кызматына жиберилген экен. Кыскасы ушундай…

Ошентип жиптин “учугун чубап” отуруп, биз райондун акими А. Түкөбаев, райондун прокурору А. Мамыров, ички иштер бөлүмүнүн начальниги Э. Сапаров,  арызда аты аталган З.Дүйшеев, арыз ээлери К. Масылбаев,  А. Аманов, ошондой эле КР Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен байланыштык.

Аким жогоруда айткандай, З. Дүйшеевге эскертүү, катуу сөгүш берилгендигин, эми кандай чара көрө турганын деле билбей, карап  отургандыгын айтат.  Акимди туура эле. Түшүндүк. З. Дүйшеев шайланып келген, аким  тарабынан дайындалган эмес, демек, ал сыяктуу башаламан шайланган айыл өкмөттөрү мыйзамсыз иштерге кириптер болсо дагы А. Түкөбаев түгүл, Акылбек Жапаровду тоготпойт.

Райондун прокурору А. Мамыров З. Дүйшеевге карата ачылган иштер кылмыштын курамы жок деп кыскаргандыгын, кандай болсо дагы мыйзам алкагынан  чыкпай иш алып барышкандыгын, бул боюнча күндүн кайсы маалында жооп бере турганын айтты.

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Э. Сатаров расмий каттын негизинде гана жооп бере тургандыгын айткан үчүн ИИМ министринин наамына кат жиберип, өзүнө кабарладык. Бул тууралуу кошумча маалымат беребиз. Ал эми арыз ээлери К. Масылбаев менен А. Аманов менен байланышканыбызда өтө көп маалыматтарды айтуу менен бирге аким көз жумганы аз келгенсип, прокурор, ИИБ деле көз жумду мамиле кылып жатышкандыгын белгилешти.

Акырында З. Дүйшеев менен кабарлашкан учурда ал киши “көрө албас адамдар көп экендигин, өзү беш маал намазын үзбөгөн адам экендигин, эмгек китепчесиндеги жазуулардын асмандан алынбаганын, жайыт комитетинде мыкты иштегенин, “бүткөн ишке сынчы көп” болуп жатканын , иш болгон жерде кемчилик боло турганын, финпол түгүл, прокуратура текшергенин, айыл өкмөт башчылыкка 11 добуш менен келгенин, айтор көп маалыматты айтты.

Биз бул боюнча  КР Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин дагы жообун күтүп жатабыз. Кыскасы, ушундай окурман. Биз келген арыз боюнча гана маалыматтарды тизмектеп, тараптардын бирин калтырбай  кабарлаштык. Кыргыз Өкмөтү баш болуп, жер-жерлердеги айыл өкмөттөрдүн иштерин жакшыртуунун аракетин көрүшүүдө. Бирок, тилекке каршы диплом түгүл, эмгек китепчелери шектүү, укук коргоо тармагында көп жолу иштер ачылып-жабыла берген жетекчилер чачтан көп. Биз алардын бирин гана Өкмөткө мисал кылдык. Тилекке каршы, мындай мисал өлкөнүн аймагында өтө толтура…

Канышай  Мамыркулова