Президент Садыр Жапаров капсула салууга өзү катышкан Чүй мектеп-интернатынын мугалимдери үчүн курулуп жаткан 15 батирлүү үйдүн курулушу токтоп калганын кабарлап, редакциябызга Жаңы-Жол айылынын тургундары кайрылышты.

Алардын айтымында, мунун артында өлкөнүн аброюна доо кетирген адам турат.

«Эсиңиздерде чыгар, Чүй мектеп-интернатынын мугалимдери үчүн 15 батирлүү үйдүн курулушуна капсула салуу кандай шаан-шөкөт менен өткөнү.  Бул иш-чаранын баары 2021-жылдын 27-декабрында болуп, Садыр Нуркожоевич өзү бул кайрымдуулук акциясына катышып, мугалимдерди турак-жай менен камсыз кылуунун маанисин баса белгилен.

Дал ошол иш-чарада президентти  Нургалы Асаналиев коштоп жүрдү. Каалаган адам анын  аты-жөнүн Google аркылуу таап, алдамчылык үчүн канча жолу кармалганын өз көзү менен көрө алат. Ушунчалык резонанстуу учурлар болгон, аларды окуп таң каласың. Ошого карабастан, ал иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болуп, капсула салуу учурунда президентти айланчыктап жанынан чыкпады.

Марттын ортосу жакындап калды, дээрлик төрт ай өттү, курулуш баштала элек. Декабрда кандай болсо, баары ошол бойдон калды, капсула салынган жерди гана дат басып үлгүрдү. Курулуш жок, фундамент жок, жада калса үй куруу үчүн курулуш материалы да жок.

Бирок, Нургалы Асаналиев баягыдай эле, иш стилин өзгөрпөгөн өңдүү. Анын аракетсиздигинин артында өлкө президентинин аброюна шек келтирип жатат», — дешет айыл тургундары.

Булак: vb.kg