Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Байыркы замандан бери Нооруз майрамы жаратылыштын жандануусун, жашоонун салтанатын жана жаздын келишин символдоштурган. Бул майрам меймандостуктун, тынчтыктын, ынак коңшулаштыктын жана гуманизмдин бийик принциптерин өзүнө сиңирип алгандыктан, элдердин биримдигин жана достугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.

Бул жаркын майрам сиздер үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин!» — деп айтылат Түркмөнстан Президентинин куттуктоосунда.