Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта,  жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Баткен облусунун Баткен шаарындагы салтанаттуу аземде куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кутман күнүңүздөр менен, Баткен аймагынын урматтуу тургундары!

Кадырман калкым, агайын-туугандар жана жалпы кыргызстандыктар!

Бүгүн Ноорузду өрүкзарлуу Баткен жергесинде тосуп жатып, элибиздин жыл ажыратып, жаңы күндүн башталышы катары белгилеп келген улуу майрамы менен жалпыңыздарды куттуктайм.

Эмне үчүн Ноорузду быйыл дал ушул Баткен жергесинде белгилөөнү чечтим? Эгемен өлкөбүздүн чеги дал ушул Айгүл гүлү гүлдөгөн кереметтүү Баткен жергесинен башталат. Баткен жергеси – көз карандысыз Кыргызстандын нечендеген чыгаан уулдарын берген куттуу жер!

Кыргыз тарыхында маанилүү орунду ээлеген, Кокон хандыгын бийлеген даңазалуу аскер башчы, мамлекеттик ишмер Алымкул аталык; элдин башын бириктирип, туу болуп, өз алдынча мамлекет куруу, эркиндик, азаттык үчүн согушкан Болот хан — Исхак Асан уулу да ушул куттуу Баткенден. Андан берки мамлекет түптөөчүлөрдүн сап башында турган Абдыкадыр Орозбековду, ошол эле мамлекет түптөөчүлөрдүн кийинки муунунун алдыңкы өкүлү Мурат Салиховду кимдер билбейт. Ал эми өз маалынын өтө билимдүү жазгыч акыны Молдо Нияз, бүгүнкү күндө кыргыз искусствосуна эбегейсиз салым кошкон Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков, кыргыз адабиятында өзгөчө орунду ээлеген кайталангыс сүрөткер Мурза Гапаров жана башка көптөгөн таланттуу инсандардын киндик кан тамган жери – Баткен.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жакшы саамалык, буга чейин чыгарган Жарлыгыма ылайык, кечээ Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо иш-чарасынын алкагында шаардын босогосуна Раззаков шаары деген жазуунун ачылышын жасадык. Баткендиктердин Нооруз майрамына кошумча болгон бул саамалык менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктап кетейин.

Бүгүнкү күндө Исхак атабыздын ташка тамга баскандай, көкүрөгүбүзгө кыттай уюган “Мен таза болсом, сен таза болсоң — коом да таза болот!” деген сөзү Мекенге ак ниет кызмат кылуунун урааны болуп калды.

Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жарандарды руханий-адептик тарбиялоону жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүгө, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин бекемдөөгө чоң түрткү болоруна мен бекем ишенем.

Эми биздин милдет – ата-бабаларыбыздын биз үчүн, келечек муун үчүн жасап кеткен улуу иштерин унутта калтырбай, учугун улап кетүү. Бул – мойнубузда турган улуу парз!

Урматтуу мекендештер!

Өзүнүн сымап, сурма кендери менен башка аймактардан айырмаланган касиеттүү Баткен жеринде туруп, бул аймактын суу байлыгынын, айыл чарбасынын, газ, мунай тармактарынын келечеги кең экендигине токтолбой кое албайт экенсиң. Айтылуу Баткен өрүгү менен гилас баштаган мөмө-жемиштери өзүнчө брендге айланып, экспортко чыгып, дайыны далайга кетсе, СССР маалынан эле эң жогорку калориядагы Сүлүктү көмүр кени, Арка, Бүргөндү массивдериндеги газ, мунай корлору эмне деген байлык. Ошентип, жалпы республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлеп, чоң мүмкүнчүлүккө ээ.

Мына ушундай өлкө чеги башталган жерде жайгашкан зор потенциалга ээ аймакты өзүнчө облус кылып түзүү иштери өз маалындагы эң туура чечимдердин бири болгон. Тилекке каршы, башталган кадам андан ары ташталбай, облус макамындагы аймакка анчейин көңүл бурулбай келгени албетте өкүндүрөт. Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке кала берген көйгөйлүү чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Майрам күнү айтылбай турган сөз эле, бирок бул — ачуу чындык!

Кудай буюрса, биз мындай көрүнүштү кийинки муундарга калтырбайбыз. Дал ушул максатта Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгардык, бул аймакты өнүктүрүүнү күн тартибиндеги башкы маселеге айланттык. Баткен облусуна берилген макамдын алкагында конкреттүү программа иштелип чыгып, анда белгиленген тапшырмалар өз ырааты менен аткарылууда. Ошентип, бүгүнкү күндө бийлик башындагылардын көңүлү толугу менен Баткен жергесине бурулду. Баткен гүлдөсө – жалпы өлкө гүлдөйт! Баткен өнүксө – жалпы өлкө өнүгөт!

Мына ушул максатта, урматтуу баткендик туугандар, Нооруз майрамынын шаңдуу маанайын, анда айтылган каалоо-тилектерди сиздер менен бөлүшкөнү келип олтурам.

Урматтуу жалпы кыргызстандыктар!

Табият менен төп келишип, күн менен түн тогошуп, жаңылануунун белгиси болгон бул майрамда мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон асыл максаттарыбыздын, конкреттүү иш-пландарыбыздын ишке ашуусун тилек кылалы.

Акыркы күндөрдө эл аралык жагдай менен дүйнөлүк рыноктогу кырдаал, аны менен кошо өлкөдө баалардын өсүп жаткандыгына жарандарыбыз кабатыр болушууда. Жагдайга жараша Министрлер Кабинетинин каатчылыкка каршы иш-чаралар планында экономикалык потенциалыбызды сактап калуу аракет жумшалууда.  Буга чейин айтып келгенибиздей, өлкө экономикасына чоң маани берип, аны алга жылдыруучу күч болгон ишкерликти жолго коюу аракетиндебиз.

Ошону менен бирге негизги басымды айыл чарбасына жасап, эгин эгип, жалпы эле айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү менен, аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айта кетейин. Эл ичинде бекем ынтымак болуп, бир муштумдай түйүлүп, бир максатты көздөгөн болсок, дүйнө эли менен кошо бул каатчылыкты дагы артта калтырабыз.

Урматтуу калайык калк!

Жанданып келе жаткан жаратылыш менен эмгекчил дыйкандын ажырагыс биримдигин туюнткан Нооруз майрамында түшүмдүн мол болушун тилеп, кош айдап, үрөн сепкен баба дыйкандай, ар бирибиз жаңы дем, жаңы кайрат, жаңы күч менен мээнет кылалы! Кайсы гана тармакта болбосун, талбай эмгектенип, алдыга койгон иш-пландарыбыз жүзөгө ашсын, натыйжасын, жемишин берсин деп тилек кылалы!

Бул күндө жаратылышта гана жаңылануу болбостон, ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ички дүйнөбүздө жаңылануу болот  деп жакшыга жоруйлу, ниет-пейилибизди түздөйлү.

Эскиден калган дебей, байыркы нарк-насилибизди сыйлап, майрамдап келген жаңы жылда элибиз менен чогуу айдан аман, жылдан эсен чыгалы!

Жылыбыз биримдиктин, достуктун, экономикалык өсүп-өнүгүүнүн, ийгиликтердин, ар тараптуу жетишкендиктердин жылы болсун.

Күн менен түн теңелген кездеги көктөм майрамы – Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Кудай кут, береке берсин!

Бар болуңуздар!”.