Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан бин Абдулла Аль Саудду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнча пикир алмашып, өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгында өз ара аракеттенүү бекемделгенин белгилешти.

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы Кыргызстанга биринчи визити эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого жана кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүүдө Сауд өнүктүрүү фонду өзгөчө роль ойнорун белгиледи. Тактап айтканда, аталган фонд айыл чарба, саламаттыкты сактоо чөйрөлөрүндөгү жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн.

Президент Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине, анын ичинде эки мамлекет ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

Эр-Риядда өткөн сауд-кыргыз бизнес-форуму тууралуу, ошондой эле кыргызстандык товарларды Сауд Аравиясына жеткирүү боюнча макулдашуулар жетишилгенин айтып, Садыр Жапаров бул иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн сауд тарапка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Президент Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана Сауд Аравия жетекчилигинин саламын жана Кыргызстандын боордош элине гүлдөп өнүгүү каалаган сөздөрүн айтты.

Садыр Жапаров менен Фейсал бин Фархан бин Абдулла Аль Сауд инвестициялык кызматташуу жаатында аракеттерди чыңдоо зарылдыгын белгилешти.

Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри КР Президентине караштуу Инвестиция улуттук агенттигинин өкүлдөрүн инвестициялык жана соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуунун келечегин талкуулоо максатында Королдукка келип кетүүгө чакырды.

Ал соода-экономикалык алака-мамилелерди өркүндөтүүдө инвестициялык долбоорлордун ролу зор экенин белгиледи. Сауд Аравиясынын тышкы саясат ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосундагы кызматташтык мамилелерди орнотуунун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки жактуу, анын ичинде Кыргызстандан экологиялык таза өндүрүмдөрдү экспорттоо боюнча кызматташуунун келечектүү багыттарын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Сауд Аравиясынын ортосунда соода, айыл чарба жана экологиялык таза өндүрүмдөрдү экспорттоо чөйрөлөрүндө, туризм жаатында, ошондой эле биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.