Ички иштер министрлиги жарандарды пирамидалык схемалардын мыйзамсыздыгы тууралуу эскертип, “инвестициялардын” ордуна жеңил жана тез киреше алып келүүчү операцияларга катышпоону сунуштайт.

Каржы пирамидасын өз убагында таанып, акчаңызды “булуттук технологияларга” салбоо үчүн сизде каржы пирамидаларынын негизги түрлөрү кандай экендиги жөнүндө түшүнүк болушу керек:

Бир тепкичтүү (Понци схемалары).

Бул типтеги пирамидаларда бирдиктүү уюштуруучу бар. Ал жогорку киреше алуу үчүн схемага акча салууну сунуштайт. Биринчи инвесторлор кийинки катышуучулардын салымдарынан киреше алышат. Мындай схемалар кадимки пирамидаларга караганда туруктуу жана узакка созулат.

Пирамиданын катышуучулары кайра инвестициялоону улантууну жана теңтуштарын, тааныштарын тартууга үгүттөшөт.

Схема Карл Понцинин атынан аталган. 1919-жылы ал почта купондоруна инвестициялоону жана валюта курсунун айырмасынан киреше алууну сунуш кылган (Европада купонду бир маркага, ал эми АКШда 6 маркага алмаштырууга болот).

Көп баскычтуу. Бул модель кызматтарды же буюмдарды сатууга ылайыкталып түзүлгөн жана көп баскычтуу пирамиданын ар бир мүчөсү жаңы агенттерди тартуу менен алектенет. Мында буюмдун өзү эч кандай баалуулукка ээ эмес же анын баасы өтө жогору болот.

Пирамиданын катышуучусунун милдети сатып алуучуга буюмдун уникалдуу касиеттери жөнүндө айтып берүү, ошондуктан ал сатып алууну инвестиция катары эсептейт. Бирок, чындыгында, бул пирамидага кирүү акысынын аналогу гана.

Матрица. Бул пирамиданын туруксуз түрү. Мүчө болуу үчүн сиз белгилүү бир сумманы салышыңыз керек. Андан кийин, адам күтүү тизмесинин төмөнкү сабына катталат. Анын артынан канчалык көп адамдар тартылып катталса, тизмедеги статусу ошончолук жогору болот жана керектүү суммага жеткенде ал убада кылынган бонусту алат. Эреже катары, бул баалуу нерсе: электроника, саякаттоо же ал тургай, унаалар. Бул абдан кооптуу схема.

Катышуучулар товарлар үчүн базар баасынан көбүрөөк төлөшөт. Алар уюлдук телефонду, электрондук китепти же программалык компакт-дискти сатып алганда, алар баалуу бонус алууга үмүттөнүшөт. Бирок пирамида кулаганда, алар ашыкча бааланган керексиз буюмдар менен калат.

Ички иштер министрлиги жарандарды мүмкүн болушунча сак болууга, шашылыш чечимдерди кабыл албоого чакырат. Жарандар кырдаалды талдап, туура чечимдерди кабыл алууга тийиш.

Ар кандай маалымат текшерүүнү талап кылат, эң жакшысы ачык булактардан кеңеш жана маалымат алуу туура болот.

ИИМдин Басма сөз кызматы