Буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге камакка алынды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга (0312 43 01 27 же 102) кабар берип коюуну Чүй ОИИББинен суранышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы июль айынын башында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөн.

2022-жылы 18-мартта жогорудагы фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түздү. Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып, бир күндөн кийин кызматтан кеткен.