Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам. Сизге жана Кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.