Россиялык ишкер жана инвестор Алексей Булаев президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасап, кайрылды. Ишкер Салымбековдор катышкан ишке контрол жүргүзүүнү суранды.

Ишкердин айтымында, таштандыны кайра чыгаруу максатында ал $800 миңден ашуун каражат жумшаган. Бирок, анын бизнестеги партнеру Самат Сакбаев Аскар Салымбековдун тууганы жана «Эмгек» партиясынын лидери Ырысбек Мааткабыловдун уулу, Ырысбек уулу Алишер менен, Свердлов районунун мурдагы акими Мурат Осмонов менен сүйлөшүп алып, андан $300 миң долларын алып кетишкен.