2022-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия парламентинин экс-спикери, Түркия Республикасынын Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынын орун басары Бинали Йылдырым мырза менен жолугушту.

Тараптар ТМУ жана эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле ТМУ жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар соода жүгүртүүнүн динамикасын жогорулатуу, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу, электрондук коммерцияда кызматташууну өнүктүрүү боюнча максаттарды коюшту.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Орто Азияда биринчи жолу чоң океанариум ачылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.