ИИМдин ЖКККББнын 2022-жылдын 1-мартындагы тескемесинин талаптарын аткаруу максатында Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери шаар аймагында окуучулардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу багытында иштерди жүргүзүүдө.
ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жол кыймылынын жаш инспекторлору менен биргеликте Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык үгүт-насаат иштерин жүргүзүшүүдө.
Андан сырткары мектеп окуучуларына жолдон шашпай эки тарабын карап өтүү менен өздөрүнө сак болууларын эскертишти.
Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы