Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

7-март күнү Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 2014-жылы туулган Т.Т. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерин улантуу үчүн Нарын шаардык №16 ӨКБдан 10 куткаруучу тартылган. Издөө иштери улантылууда.

Буга чейин баланы издөөгө 31 куткаруучу, 23 милиция кызматкери, 60 жергиликтүү тургун тартылган.