Кыргызстанга акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү автоунаа алып келинди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында алынган.