Бүгүн, 24-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 900 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 249 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 360 куб метрге жетүүдө.