Финляндия бешинчи жыл катары менен дүйнөнүн эң бактылуу өлкөсү аталды. Мындай маалымат World Happiness Report 2022 докладында айтылганын ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Ага ылайык, рейтингде Финляндия мурунку жылдардагыдай эле бир нече жүз баллдык көрсөткүч менен башка мамлекеттерден алдыга озуп кеткен. Алдыңкы бештикке Дания, Исландия, Швейцария жана Нидерландия кирсе, алдыңкы ондукка Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди.
Кыргызстан 64-орунда, Белоруссия 65-орунда, Орусия 80-орунда, Өзбекстан 53-орунда, Тажикстан 83-орунда, Казакстан 40-орунда.

Белгилүү болгондой, World Happiness Report 2012-жылдан бери жарыяланып келет. Аны түзүүдө изилдөөчүлөр калктын жан башына ИДП, социалдык колдоонун деңгээли, жашоонун узактыгы, жарандык эркиндиктердин сакталышы, жумуштун коопсуздугу, коррупциянын деңгээли, ошондой эле коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары сыяктуу көрсөткүчтөрдү эске алышат.