Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-мартта, Март элдик революция күнүнүн кезектеги жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли — эзелтен азаттыгы үчүн жан аябай күрөшүп келген баатыр эл, эркиндикти туу туткан, калыстыгы жок бийлик менен келише албаган кайраттуу калк.

Ошол улуу көчмөндөрдүн урпактары катары азыркы кыргыз коомчулугу дагы адам укуктарын басмырлоого жол бербеген, сөз эркиндигин жогору койгон, улуттук ар-намыс үчүн тайманбай күрөшкөн жаратман эл экенин дүйнө элине көрсөтө алды.

2005-жылдын 24-мартында коомубуз адилетсиздикке жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы нагыз элдик революция жасады. Ал өз максатына канчалык жеткен-жетпегени башка кеп.

Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган.

Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар — бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды.

Алдыбызда демократия жолунда өнүгүүгө умтулган элибиздин үмүтүн актап, тилектерин орундатуу милдети турат. Ал үчүн ар кандай келечектүү багыттарда өзгөрүүлөрдү жасап, реформаларды жүзөгө ашырабыз деген мүдөө-максаттарыбыз бар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Элибиз башка түшкөн кыйынчылыктар менен сыноолорду ынтымак, биримдик аркылуу жеңип, бүгүнкү күнгө чейин эгемендигин сактап келе жатат. Ата-баба жолун аздектеп келген кыргыз калкы мындан ары дагы эркиндик, азаттык, акыйкаттык деминен эч качан жанбастыгына бекем ишенем.

Далай чоң сыноолорду башынан кечирген элибиз бүгүнкү күндө дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланышкан экономикадагы оор абалды дагы бекем ынтымакка, бузулгус биримдикке таянып жеңип чыгарын бөркүмдөй көрөм. Ал үчүн туруктуулукту сактап, экономикалык өсүү ыргагын камсыздоо үчүн күч үрөп жатабыз.

Кыргызстаныбызда тынчтык, кыргыз коомчулугунда урагыс ынтымак болсун!».