2022-жылдын алгачкы эки айында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында президенттин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин өткөн жылы көрүлгөн жана ишке ашырылган чаралар өлкөнүн экономикасын оң өсүшкө кайтарууга мүмкүндүк берди.

“Бүгүнкү күндө экономиканын эң жогорку темпи байкалуудаю ошентип, 2022-жылдын эки айында салыктык эсептер боюнча төлөмдөр 180%га аткарылды, пландалган 24 млрд 8 млн сомдун ордуна 25 млрд 9 млн сом түштү. Ошондой эле бажы чегерүүлөрү боюнча план 203,6%га аткарылып, пландалган 7 млрд 5 млн сомдун ордуна 9 млрд 7 млн сом түшкөн. Жалпысынан 2022-жылдын эки айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102%ды түздү”, — деди ал.