2022-жылдын 22-23-март күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Буга чейин Бишкек шаарында да масштабдуу иш-чара уюштурулуп, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана медиа эксперттердин катышуусунда бул мыйзам долбоору кызуу талкууга алынып, анын артыкчылыктары менен кемчиликтери айтылып, сунуштар берилген эле.

Тегерек столго ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башкармалык начальнигинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм начальнигинин орун басары Самат Осмонов, улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери Манас Аманбаев, жергиликтүү бийликтин, өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү,  эксперттер, активисттер жана дин кызматкерлери  катышты.

Катышуучуларга мыйзам долбоорунун негизги максаттары-адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн жана улуттук коопсуздугун экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экени баса белгиленди.  Анткени,  бүгүнкү күндө дүйнөдө жана биздин республикада мамлекеттин улуттук коопсуздугун баалоого олуттуу терс таасир тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алууда.

Ошондой эле, укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоонун зарылдыгын көрсөткөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен эксперттер бул мыйзам долбоору боюнча өзүнүн сунуштарын беришип, ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Катышуучулар бул мыйзамдын иштелип чыгышы учурдун талабы экенин белгилешти. Бул боюнча Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгууда айтылган сунуштар эске алынаарын билдиришти.

Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык, колдонуудагы мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү жана ошондой эле колдонуудагы “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы карама-каршылыктарды жоюу менен Кыргыз Республикасында ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна коюлган.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы