Кыргызстанда 1-апрелден тарта 309 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт. Алар: мугалимдер, дарыгерлер, чыгармачыл адамдар, социалдык тейлөөнүн адистери. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 24-мартта өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Айлыкты көтөрүү үчүн жалпы 26 млрд сом керектелет. Учурда каржы булагы такталууда.

Министрдин айтымында, айлыкты 50%дан баштап, 100%га чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

Мисалы, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 80% жогорулайт. Ошондо жаңы система менен эсептеп чыкканда, стажы жок, жаңы иштей баштаган мугалимдер колуна 20-21 миң сом алат. Бүгүнкү күндө мындай категориядагы мугалимдер 4-7 миң сомдун тегерегинде айлык алышат.