Кыргызстандын экономикасы мындан ары Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Биздин экономиканын өсүшүнө бут тосуп жаткан тоскоолдуктарды алып салып, башкача жол менен алдыга жылабыз. Кытай, Индия, Өзбекстан тарапка багыт алабыз. Өлкө рыногунун көлөмүн кеңейтебиз. Энергетиканын жаңы кубаттуулугун киргизебиз», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал кайсы бир жылдары өлкө экономикасынын өсүшү 18 пайызга жетип, завод, фабрикалар курулуп, Токтогул ГЭСи жана башка стратегиялык объектилер салынганын айтты. Алар муну менен кийинки муунга жаратмандык эстелигин тургузуп кетишкенин белгиледи.

«Бизге да жаңыны жаратуу, куруу убактысы келди. Анүчүн мамлекет башчысынын саясий эрки, профессионалдуу командасы бар», — деди Жапаров.

Аны менен катар жакын арада мамлекет өз каражатына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштай турганын кошумчалады.