Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында бир катар маданий объекттерде болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, министр алгач Баткен шаарынан 6-7 чакырым алыстыкта жайгашкан Кызыл-Жол кварталына караштуу Кара-Эгиз аттуу тоодо табылган саймалуу таштар менен таанышты.

Жергиликтүү тургундардын жана тарыхчылардын айтымында, бул чөлкөмдө адамзат цивилизациясынын алгачкы таш доору менен мезгилдеш болуп, андан кийинки доорлордо деле адамзаттын жашоосу, күндөлүк тиричилиги үзүлбөй келе жатат деп бүтүм чыгарууга болот деп айтышат.

Бул өрөөн аянты боюнча анча кең болбосо дагы тарыхый мааниси бар экендиги айтылып, аталган аймак боюнча буга чейин айрым эмгектер жазылып жүргөнү менен өздөштүрүлбөй жаткан дыңдары изилдөөгө муктаж бойдон калгандыгы айтылды.

Баткен чөлкөмүнүн Тажикстан, Өзбекстан менен чек аралаш жайгашканын эске алганда, аймакта этномаданий синтез жүрүп, тарыхый-маданий мурастарды изилдөө менен коңшулаш элдердин маданиятынын бири-бирине таасирин да чагылдырууга болот. Коло доорунан бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген баалуу сүрөтжазма эстеликтер миңдеген жылдар мурдагы кыргыз элинин тарыхынан, маданиятынан, тилинен кабар берип, көөнөргүс булак болуп кызмат кылат. Бул таштарга чегилген кереметтүү сүрөт-жазмаларда негизинен жаныбарлар басымдуулук кылат.

Таанышуунун жүрүшүндө Азамат Жаманкулов мындай тарыхый объектини мамлекеттик коргоого алуу менен, Баткен жерине туризмдин өнүгүшүнө шарт түзсө, аны менен катар илимий жактан изилдөө да колго алынуусу шарт деп белгиледи.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Баткен шаарында жайгашкан «Айгүл-Тоо» тарыхый-маданий комплексинде жана «Манас Ордо» комплексинде болуп, аталган мекемелердин абалы менен жеринде таанышып, биргеликте иш алып баруу маселелери мекеме жетекчилери менен макулдашылды.