Аскердик түзүмдү чыңдоо максатында Кыргызстандын күч түзүмдөрү үчүн аскердик техникаларды, курал-жарактар сатылып алынды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Аскердик техникаларды алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.

«Бүгүн биз Оруссиянын Арзамас шаарынан 55 атайын «Тигр» бронетехникасын сатып алдык. Бул машиналар биздин өлкө үчүн атайын даярдалган. Мындан тышкары, Оруссиядан дагы 50 жаңы КАМАЗ сатып алдык, өзгөчө биздин Чек ара кызматы үчүн. Бардык жабдыктар өлкөбүздүн бюджетинин эсебинен алынган. Биз эч кимден жардам сурабайбыз.  Өлкөбүздүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук камсыз кылабыз. Бардык техникалар Баткенге жөнөтүлөт», — деди УКМКнын төрагасы.