Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналган кино кербен башталды. Бул тууралуу Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан  кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда кино кербен өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда өтүүдө. Геннадий Базаров тарабынан тартылган кинолор өлкөнүн бардык аймактарында акысыз көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы «Семетей» кинотеатрындагы кино кербенге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев катышты.

«Геннадий Базаровдун кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Жасаган ар бир эмгеги тарых барактарында татыктуу орун алып, кыргыз киносунун классиги катары кала берет”, — деди министр.

Эске салсак, Геннадий Базаров 1942-жылы Нарын облусунун Ат-башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.