Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарынан объекттердин курулушу боюнча арыз түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экспертиза жана аудит дайындалып, анын жыйынтыгында акча каражаттарын мыйзамсыз коротуу фактылары аныкталды. 24-мартта кылмышка шектелип айыл өкмөттүн кызматкерлери кармалды. Иликтөө иштери улантылып жатат.

Баткен облустук прокуратурасы иликтөө иштери 2021-жылдын 26-августунан тарта жүрүп жатканын билдирди.

Маалым болгондой, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, айылдык кеңештин азыркы спикери Эгембердиев Саатбек Искендерович, айыл өкмөттүн азыркы жетекчиси Жалилов Бекжан Турсунбекович жана жооптуу катчы Акжол Абдуллаев кармалды.

Бүгүн, 25-мартта Лейлек районунун прокуратурасынын алдына алардын тарапташтары топтолуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышты.

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиевдин айтымында, Саатбек Эгембердиев 2014-2019-жылдары айыл өкмөттүн башчысы болуп иштесе, Бекжан Жалилов башкы бухгалтер болуп иштеген.

«Тургундар президентке, Коопсуздук кеңешине, УКМКнын башчысына арыз менен кайрылышкан. Анда республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчалар жөнүндө сөз болгон. Лейлек районунун прокуратурасы көз карандысыз аудит жүргүзгөн (Ошто). Адистер келип, акт түзүшкөн. Сөз 36 объект жөнүндө болуп жатат. Анын ичинен 15 объект текшерилген.

Курулуш жана оңдоо иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен 34 млн сом бөлүнгөн. Анын 4 млн 200 миң сому максатсыз колдонулган.

Мындан тышкары Лейлек районунун прокуратурасы мамлекеттик адистерди — Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан бухгалтерлерди алып келишкен. Иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Алар дагы аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталганын айтышкан», — деди ал.