28-марттан тарта Бишкектин 7 миңден ашык абонентинин электр энергиясы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.

Мындан улам ишкана электр кубатынын акысын өз убагында төлөөгө чакырды.

Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн “Түндүк электр” мобилдик тиркемеси жана ишкананын расмий сайтында “Абоненттин балансы” деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.

Ошондой эле балансты “Түндүк электрдин” күнү-түнү иштеген 1209 номери аркылуу телефон чалуу борборунан тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 WhatsApp номерине билдирүү жазып, жооп ала алат.

Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), Megacom, О!, “Оңой” төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, “Элсом” электрондук капчыктары жана “ДосКредоБанк”, “Бакай банк”, “Кыргызстан” коммерциялык банкы, “Халык банк”, “КICВ банк”, “Оптима банк”, жана “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөгө болот.