Ички иштер министрлиги эл каттоо жараянынын коопсуздугун камсыздоого милдеттендирилген. Ушуга байланыштуу учурда милиция кызматкерлери элди каттоодо коопсуздукту камсыздап, түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты.

2022-жылдын 25-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын аймагында «Эл каттоо» жараяны башталган. Ушуга утурлай, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын капитаны Ырысбек Сардарбеков, Чүй-Токмок аймактык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Аида Карабашева,   Чүй-Токмок аймактык статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү Айжан Абдурупова Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине нускама өткөрүшүп, учурда толук кандуу иштер жүргүзүлүп жатат.  Учурда Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери          айылдарды кыдырышып, жарандарды каттоодо ыкчам коштоо жүргүзүшүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы