Баткен облустук телеканалынын чыгаан журналисти Галымбетова Арзуу Эшматовна 38 жашында каза болду.

Арзыгул Галымбетова 1984-жылы Ош облусуна караштуу Баткен районунда төрөлгөн.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуп баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

2010-жылдан бери Баткен телеканалында редактор-баяндамачы, ага редактор, улук редактор кызматтарында эмгектенген.

2010-жылдан тартып АКИpress агенттигинин Баткендеги өкүлү болуп эмгектенип келген.

Ал мыкты кесипкөй журналист болуп,чек ара, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларында байма-бай маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирип келген. Анын эмгеги эл эсинде калып, кыргыз журналистикасында өчпөс из калтырды.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-март кунү саат 18:00 до Баткен шаарында өтөт.

«Kadam-media.kg»  маалымат порталынын жамааты кесиптешибиз Арзыгүл Галымбетованын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.