Мындан эки күн мурун Нарын шаарындагы төрөтканадан кош бойлуу келинге операция жолу менен төрөөр алдында тамырга колду тазалоочу (обработка кылуучу)  хлоргексидин дарысы сайылып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков келиндин бүгүнкү абалы боюнча маалымат берип, бейтап көзүн ачып, киши таанып, көзү менен жооп берип калганын билдирди.

“23-мартта туура эмес зат сайылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган келиндин абалы бүгүнкү күнү оор бирок туруктуу. Башында көзүн ачпай жаткан, бүгүн  кудайга шүгүр көзүн ачып, адамдарды таанып, суроолорго көзү менен жооп берип жатат. Бирок, өз алдынча жакшы дем ала албайт. Кычкылтек аппараты менен дем алып жатат. Бейтаптын кан басымы көтөрүлүп –түшүп бир калыпта болбогондуктан, мээ эс алдыруу үчүн атайын маалы менен уктатып жатабыз. Анализдери жакшы болуп, четинен өз калыбына келип жатат”, – деди.

Бейтапка жаңылыш дары сайышкан эки медайым убактылуу жумуштан четтетилгенин кошумчалады.

“22-март күнү ай-күнүнө жеткен кош бойлуу келин төрөт бөлүмүнө келип жаткан. Буга чейин бейтап эки жолу операция менен төрөгөн. 23-март күнү танкы саат 09-30да пландалган операция жолу менен төрөтүүгө (кесарево сечение) жаткырылган. Операцияга дайындоо учурунда бейтапка профилактика иретинде кан тамырга антибиотик, цефозалин сайылышы керек.

Операция кыла турчу кызматкерлер колдорун сөзсүз хлоргексидин аттуу антисептикалык каражатты шприц менен ченеп спиртке кошуп аралыштырып, колдорун тазалашат. Дал ушул хлоргексидин (обработка кылуучу)  дарысын шприцке дайындап коюп эле чыгып кетишкен. Шприцтер окшош болот. Анестезист тастыктап билбестен келип кан тамырга спиртке кошуп кол тазалоочу хлоргексидин атту затты сайып баштайт. Сайылган дары дароо реакция берген. Бейтап колу ачышып жатканын айтканда ал кызматкер башка зат экенин байкап, башка кан жоготуп жаткан бейтапты оперция кылып жаткан анестезиологдорго айтып, чакыртышат. Дарыгерлер көрүп, кайрадан дароо кан тамыр аркылуу тазалоочу дарылардан сайып, канга кирип кеткен туура эмес сайылган дарыны тазалап, дароо наркоз берип операция жолу менен төрөткө алышкан. 3,500 килограмм салмактагы дени сак кыз төрөлгөн.

Биз дароо ички иликтөө кылып, буйруктун негизинде бул иштер боюнча эки кызматкерди убактылуу жумуштан четтеттик. Прокуратура тарбынан дагы тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат. Алар тараптан кандай чечим чыгарылат билбейбиз. Бирок биз тараптан эң акыркы чечим жумуштан четтетүү болушу мүмкүн.  Моралдык укугу менен иштөөгө болбойт.

Негизи медайым дарыгердин макулдугу менен гана ийне сайыш керек болчу.  Ал шашкан түрдө  же башка себептенби шприцти карабай туруп сайып салган”,-дейт Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-мартта Президенттин Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, төрөт үйүндө болуп, келиндин абалын көрүп чыккандыгы айтылды.