Бүгүн, 28-мартта, айрым аймактарда маал-маалы менен жамгыр, бир катар аймактарда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо, ашууларда жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 9…14 градус, Таласта 8…13, Ысык-Көл облусунда 5…10, Нарында 4…9 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 10…15 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот, абанын температурасы 11…13 градуска жетет.