Каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Маалыматты Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Баткен шаарынын тургуну 1984-жылы туулган Арзыгүл Галымбетова арыз жазган. Анда «Батма-бат» Ютуб каналында иштеген блогер кыз аброюна шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатканы айтылган.

Бул арыз Баткен ОИИБдин электрондук журналына катталат.

«Ошол эле күнү арыздануучу чыр-чатактан соң ден соолугу начарлап саат 20.00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ден соолугу начарлап, ошол эле түнү каза болду. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Б.Ж. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.

Эске салсак, Арзыгүл Галымбетова «AKИpress» маалымат агенттигинде корреспондент болуп иштеп, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырып келген.