Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана Президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана Мамлекет башчысынын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.