Учурдагы жана экс президенттер С. Жапаров менен А. Атамбаев соцтармактар, маалымат булактары аркылуу «акыйнек» айтыша баштады. Мына ушул маалымат  күрөшүнөн бир нерсе ачыкка чыкты. Президенттерге учурунда, ошол кезде так, даана, бурмаланбаган маалымат кирери ачык болду.

Азыркы президенттин агасы 2018-жылы Атамбаев менен жолукканда 2013-жылдагы окуя кандай өңүттө кеткенин айтыптыр. Жанылбасам дал ошол 2013-жылы Караколдо Жапаровдун тарапташтары Кумтөр боюнча митингке чыкканда Садыр Жапаровго «Сен Караколду басып ала бер, биз башка региондорду басып алганга жетиштуу куч даярдап койдук» деп, кайра эле ошолор Атамбаевдин жакындарына чыгып, «Биз Жапаровду колдобойбуз, Атамбаев биздин президент, Жапаров Көлдө бийликти басып алганы жатат» деп айтып, өздөрү телефонун өчүрүп үйлөрүнө жатып алышкан деген Ак үй тараптан ушак чыккан. Мына азыр эми көп нерсе ачыкка чыга баштады.

Сабыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаев 2018-жылы кечирим сурашып, өткөнгө салават кылды деген да маалымат чыккан. Керек болсо үчилтик катары бул тактикага Адахан Мадумаров кошулаары да айтылган. Мунун баарын эмнеге эстедим, болгону Ак Үйгө кирип, бийликке эгедер болсон эч качан кол алдындагылар толук маалымат бербейт окшойт. Муну Садыр Жапаров да моюнуна алып, «Атамбаевдин тегерегинде окуяны азыр окудум» деди. Атамбаев да учурунда так маалымат албаганына өкүнгөнүн угуп эле жүрөбүз. Эми, ушул азыркы жана мурдагы президенттерди кайраштырып, согуштуруп, тарапташтарын ызырынткандан ким пайда көрүп жатат?

Автору Төлөгөн Сулайманов