Бишкек шаарында бүгүн, 28-мартта, Кыргыз Республикасындагы соттордун жана судьялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн демилгеси менен «Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмесинин эксперттеринин катышуусунда Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруу, ошондой эле «КР судьяларынын макамы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын, «Соттук өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын талаптарын жана Президент Садыр Жапаров тар бынан Судьялардын 12-курултайында коюлган тапшырмаларын аткаруу максатында түзүлгөн иш тобунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы талкууланды.

Кеңешмеге Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Судьялар кеңешинин, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин,  «Адилет Сот» мамлекеттик мекемесинин жетекчилери, Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жана «Кыргыз судьяларынын ассоциациясы» коомдук бирикмесинин, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жана «Кыргыз аял судьяларынын ассоциациясынын» эксперттери катышты .

Катышуучулар сот отурумдарынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн соттордо соттук отурумдарды аудио-видео жазуу системасын (АВФ) мындан ары ишке киргизүү боюнча негизги маселелерди талкуулашты; судьялардын ишинин сапатына профессионалдык баа берүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, ошондой эле судьялардын ишмердигине баа берүү системасын киргизүүнү мыйзамдык деңгээлде караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун карашты.

Судьялардын ишинин сапатына кесипкөй баа берүү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын, судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле алардын кызматтан жогорулоосу үчүн адилеттүү шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.

Долбоорлордо каралгандай, судьялардын ишинин сапатына кесипкөй баа берүү ар бир үч жылда бардык судьялар үчүн жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча гана квалификациялык класстар ыйгарылат, соттордун жетекчилери дайындалат, соттордун өз алдынча башкаруу органдарына көрсөтүлөт, ошондой эле судьялар төмөн баа алган учурларда алар окууга жиберилет.

Эксперттердин айтымында, судьялардын ишинин сапатын профессионалдык баалоо боюнча бул системаны баалоодо субъективдүүлүктү азайтуу үчүн мүмкүн болушунча автоматташтырылат жана сот адилеттүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды колдонууга дем берүүгө багытталган.

Жыйында көтөрүлгөн маселелер «2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасында каралган.