Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун карыз алуучуларына 6-12 ай аралыгында насыянын негизги суммасын төлөө түйшүгүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берүүчү кризиске каршы чаралардын пакетин бекитти. Бул туурасында аталган фонддон маалымдашты.

Маалыматка караганда, АКШ долларындагы насыялар боюнча негизги сумманы төлөө үчүн 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө жылдыруу чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда кредиттин жалпы мөөнөтү узарат. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган ишканалар 12 айга чейинки максималдуу жеңилдетилген мөөнөт алышат.

Кээ бир учурларда Өкмөттүн жеңилдетилген программалары боюнча каржылоону алуу үчүн Фонд күрөөлүк камсыздоого карата Фонддун минималдуу талаптарын эске алуу менен күрөөнүн бир бөлүгүн бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр.
Чакан жана орто бизнес долларлык кредиттердин негизги суммасын төлөөнүн мөөнөтүн 6 айга чейин өз банкы аркылуу жылдырууга ишене алышат. Финансылык мекеме 2022-жылдын 30-июнуна чейин кийинкиге калтыруу жөнүндө арыз менен фондго кайрылуусу керек. Сурамдын негизинде Фонд каржылоо боюнча кошумча макулдашууну даярдайт. Өз кезегинде банктар фон тарабынан каржыланган кардарларына насыяны узартуу үчүн ушундай шарттарды бериши керек. Фонддун максаты – банкты эмес, конкреттүү ишкерди колдоо.

Күрөөнүн талаптарын убактылуу жеңилдетүү колдоонун бардык категорияларына тиешелүү. Ошентип, 2022-жылдын 31-декабрына чейин ОКӨФ тарабынан төмөнкү коэффициенттер колдонулат:
∙ баалуу кагаздар менен күрөөлүк камсыздоо — 80%дан кем эмес;
∙ кыймылсыз мүлк менен күрөөнү жабуу — 100% кем эмес.
Тиешелүү чечим Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгы тарабынан түзүлгөн геосаясий кырдаалга, республиканын валюта рыногунда туруксуздугунан улам Кыргызстандын жана негизги соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасирине байланыштуу кабыл алынганын кошумчалайбыз.

Сунушталып жаткан чаралар ишканаларга өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалда жумуш орундарын сактоого жумшала турган олуттуу сумманы үнөмдөөгө мүмкүндүк берээрин фонд кошумчалайт.