Россиялык делегация Стамбулдагы Долмабахче сарайына Украина менен сүйлөшүүгө келди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Долмабахчеде украиналык делагация менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган болгон. Ал Москва жана Киевдин өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшкөн. Анын Бишкек убактысы менен саат 13:30да башталары айтылды.

“Чатактын уланып кете бериши эч кимге пайда алып келбейт. Согуштун эч качан жеңүүчүлөрү болбойт”, — деген Эрдоган аталган өлкөлөрдүн делегацияларына кайрылып.

РИА Новости Эрдоган андан соң делегация мүчөлөрү сүйлөшүп жаткан жерден кеткендигин жана бүгүн Өзбекстанга сапар менен жөнөп кетерин кабарлады.

Россия менен Украинанын биринчи сүйлөшүүсү Гомель облусунда 28-февралда болгон. Андан кийин 3 жана 7-мартта уланган.

Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты “сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо” экендигин айткан. Бул үчүн “Украинаны демилитаризация жана денацификация” жасап жана Донбасстагы “жай жашоочулардын канына забын болгондорду” аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.