Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсияны 1 миң 800 сомго көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Абжапаров белгилегендей, пенсиянын өлчөмүн 50 пайызга жогорулатуу боюнча өткөн жылы министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыккан.

“Соцфонд эсептөөлөрдү жасап, министрлер кабинетине документтерди жибердик”,- деди ал.

Белгилей кетсек, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 713 миң жаранды түзөөрүн билдирген. Пенсия алуучулардын ичинен жарымы (49%) жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, өлкө боюнча 17 миң адам ар кандай себептер менен (айрымдарынын архивдик документтери, эмгек китепчелери жок) пенсия албайт.

Кыргызстанда эркектер 63, аялдар 58 жаштан тарта пенсияга чыга алышат.