Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте борбор калаадагы автомектептерди текшерүүгө алууда. Бул тууралуу кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан «Форсаж сервис», «Чистая дорога», «Авто Плюс», «УСТА», «Союз водителей» жана башка автомектептер текшерилүүдө.

Анда айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окуп жаткан курсанттардын сабакка толук кандуу катышуусу, теориялык жактан алган билимин практика жүзүндө көрсөтүп, атайын унаа айдоого чыгуусу жана курсанттар үчүн автомектептердеги шарттардын талапка ылайык келүүсүн текшерүүгө алууда.