Бүгүнкү аба ырайы кудум эле менин абалыма окшоду. Заматта буркан шаркан түшүп, төгүлүп-төгүлүп жамгыр жаап соңунда карга айланды.  

Кечинде жылуу коштошуп, “жакшы жат” деп жузүмөн сүйүп коштошкон адам, таң атып күн чыкканда такыр башка адамга айланды да калды. Буга чейин мен ага суктанып, мындан кийинки 10-15 жыл аралагандагы бактылуу жашоодо аны менен бактылуу жашаган кыялым кайда калды? Биздин пландар, Түркияга жыл сайын барып турабыз, эки кыздуу болобуз деген ойлордун ойронун бир гана чакыруу жокко чыгарып салды.

Телефондун ары жагынан башка тилде сүйлөгөн назик үндү укканда дене боюм дүркүрөп дендароо болуп кала бердим. Менин номерим заматта блоктолду. Ал күнү жумуш менен алектенип, күндү өткөрдүм.

Бүгүн түштөнүүгө чакырдың, мен аны күндөгүдөй эле чогуу жумуш убагында тамактанып жүргөн адатыбыз деп кабылдагам. Көрсө кептин төркүнү башкада экен.

Чай үстүнөн Казакстандан чогуу жашап жүргөн жубайың келгенин айттың.

-Буга чейин бойдок эмес белең ?

— Ооба…- дедиң мукактанып, үнүң кысылып.

Анда ал аял кайдан чыкты деген суроону жүзүмөн окуп шашпай  жооп бере баштадың.

-Мен… Казакстанда жүргөндө бир кыз менен таанышкам, товар алып барган сайын аны менен жолугуп, анын үйүндө жашап турчумун. Анын эки кызы бар. Азыр ошол кыз мени издеп келиптир, менден боюнда бар экен. А мен…. мен… сени менен болгум келген, сага баш кошуп Түркияга ата-энеме алып барып тааныштырам деген элем, — дедиң да жүзүмө тик карай албай, терезени карадың.

Оо шумдугуң кур, бул түрк мени жакшы көрөт, түз жүргөн бала деп асман айга теңеп, жеке ишкер, бактылуу кылат го деген үмүттөрүмө суу себилди.

-Эки тоонун эчкисин эңсеген экенсиң. Буга чейин жумушуңа жардам берип, керек жерден тилмеч болуп, ишенчээк жаным сенин торуңа жакшы эле илинген экенмин. Эми мен тараптан эч кандай жардам күтпө унут! —  дедим да кетип калдым.

Ушунча  жыл сага корогон убактыма, жумшак мүнөз, жакшы жашоодо жашайм, айтканыма көнөт деген “жакшы көргөн” түрк жигитимдин  жүзүнө түкүрдүм.

Алгач шамалдай ызылдап, үйдү үч көтөрүп, колума тийгенин ыргытып, буркан-шаркан ыйлап отуруп калдым. Бирок, тээ жүрөгүмдүн түпкүрүндө боштуктун, эркиндиктин  орун алганын сездим. Терезени карасам кар жаап жатыптыр. Сезимдерим агарсын дегени го. Болду эми эч кимге ишенбейм, ушул ирет бардык эле улуттун уулдарынын табияты окшош экенине ынандым.

Сага кыргыз куруп калды беле дейт чыгарсынар. Болгон  кыргыз жигитим, айылдашым, мындан канча жыл мурун боозутуп туруп таштап кеткен.

Эми мен эч кимге ишенбейм, сүйүү деген өзү жок! Болгон да эмес! Ал жөн гана көңүл ачуу, алдануу. Мен эми алданбайм, ишенбейм дагы. Эч кимге! Өзүмө гана ишенем! Өзүмдү гана сүйөм!

Жазгүл Баяналиева

 Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.