Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалиловдордун «демилгеси» менен Ыдырыс Исаков даярдаган «иликтөөдөгү» жерлерди жана объектилерди менчиктеп алган деген мурдагы ишкер жана мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы Турабай Бостонов бийлик өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылуу жолдоду. Анда Турабай Бостонов Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндөгү чындыкка дал келбеген фактыларды айтканын ачыктаган. Кайрылуунун текстин келтиребиз:

 

Кыргыз Республикасынын Президенти  С.Н. Жапаровко,

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын төрагасы К.К. Ташиевге,

Жогорку Кеңештин депутаттарына  КРнын Башкы прокурору К.Т.Зулушевге

КРнын Акыйкатчысы А.Б.Абдрахматовага

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө

 Лейлек районунун  Жаштык айылынын   тургуну, пенсионер  Бостонов Турабайдан

                                                  Кайрылуу

Мен, Турабай Бостонов 72 жаштагы пенсионермин. Баткендеги болуп жаткан ар бир окуя жүрөгүмдөн өтөт. Элге акыйкаттыкты ачыктай турган журналист замандашымдын “жоосунсуз”, далилсиз жана бир жактуу материалы жарыяланган соң, жылдап чогулткан кадыр-баркыма доо кетип, саламаттыгым начарлап отурат. Эки апта мурда,  Ыдырыс Исаков аттуу журналист  өзүнүн ютуб каналына “Баткендин «Березовскийлери», “Баткенди байырлаган БАРДАК” аталыштагы видео репортажы жарыяланып, бала кезимден ак эмгек менен келе жаткан, дыйканчылык жана ишкерлик менен тапкан адал эмгегимди жокко чыгаргандыгы катуу сокку болду. Эгерде материалдын мыйзамдуу далилдери аныкталса, эл алдында кечирим суроого даярмын жана андагы бардык фактылар тыкыр иликтенүүсүн талап кылам.

Коомдун кузгүсү боло турган журналисттин бул репортажына укуктук баа берилүүсү керек деп эсептейм. Айтылган ар бир мисал боюнча, факты, документтер менен жооп берип, караланган жана жалаа жабылган абийиримди сактап калууга аргасыз болуп турам. Акыйкаттык издеп, мамлекет башчысынан баштап, бийлик өкүлдөрүнө, коомго, укук коргоочуларга жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга мажбурмун.

Эл арасында, “мыйзамсыз тендерлерди өткөрүштү”, “кызматтык абалдары менен кыянаттык менен пайдалынышты” деген сөз жүрүп жаткан Лейлек районундагы “Жаңы Жер” экс айыл өкмөттөрү Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалиловдордун бул “чуулгандуу” материалга  түздөн-түз тиешеси бар.  Ага аты аталган эки жаран айыл өкмөтүнүн расмий иш кагаздарын, жеке адамдардын өздүк документтерин уурдап чыгышкандыктары далил. Ал менен менин конституциялык укуктарым бузулду. (24-берене)

Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине ылайык, кармоочунун (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашыруун маалымат болуп саналаарын юристтер айтышты.

Укугумдун бузулушунун экинчи жагдайы, Саатбек Эгемдердиев, Бекжан Жалилов, Ыдырыс Исаков баштаган адамдар, биз жокто, уулум Коңурбай Бостоновко катталган жеке менчик турак жайларыбызды тиешелүү органдардын уруксааты жок эле, “өзү билемдик” менен бузуп киришип, тинтүү жүргүзүшүп, чачып, талкалап жаап койбой кетип калышкандыгында. Атайын уурулукка шарт түзүү катары дагы бааласак болот. Экс айыл өкмөттөрү, журналист 194-берене. Турак жайдын кол тийбестигин бузуу, адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү, кылмыш экендигин билбегендиги таң калтырат.

Урматтуу, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кадыршаевич, Курманкул Токторалиевич, Атыр Болотбековна, эл өкүлдөрү жана журналисттер, белгиленген жагдай боюнча, акыйкаттыкты аныктап, КРнын жараны катары менин КРнын конституциясынын 29-30-беренелери менен кепилденген укуктарымды коргоп берүүңүздөрдү суранам. Мамлекеттик мүлккө чындап кол салгандар, адамдык абийирге шек келтирген, жалган маалыматтарды таратуу менен эл ынтымагын козуткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусун камсыздап берүүңүздөрдү суранам жана ишеним артам.

Урматым менен,

Лейлек районунун ардактуу атуулу Турабай Бостонов.

 

Маалымат үчүн: Материал жарыяланаар замат, бир жактуу болуп калыптыр, менин дагы пикиримди билдир деген өтүнүч менен Ыдырыс Исаковго бир нече жолу чалдым. Бирок, журналист балам, телефонун албай качып туруп алды. Аргасыздан, ар бир пункт боюнча аргументтеримди кайрылууга тиркөөгө туура келип жатат. Маани берип, таанышып койосуздар деген үмүттөмүн.

 ТИРКЕМЕ

  1. Достук айылындагы кательный (спорт зал) имараты бүгүнкү күндө толугу менен мамлекеттик менчикте, пайдаланууда «Достук» агротехсервисте турат, эч кандай сатылган эмес. Бирок, Бекжан Жалилов ал мамлекеттик имаратты ремонттоо үчүн мыйзамсыз тендер өткөргөндүгү боюнча кылмыш иш козголгон.

Б.Жалилов белгиленген имаратты мыйзамдуу муниципалдык менчикке өткөрүп, айыл өкмөттүн бюджетин бекитүүдө оңдоп түзөө иштерине каражат бөлдүрсө мыйзамдуу аракет болмок.

8-03-03-1003-0401-01 техпаспорту бар.

Турабай Бостонов 7 имаратты мыйзамсыз менчиктештирип алган деген дооматтар боюнча:

— 16.08.2001-ж. №6 «Достук» агротехсервис ишканасынын чогулушунда  трактор паркын 170 миң сомго сатылсын деген чечим чыккан.

— 29.08.2001-ж.   «Достук» агротехсервис” ишканасынан К. Табалдиев Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн ошондогу башчысы Т. Жалилов (Б.Жалиловдун атасы) менен  3,32 га. жер аянты менен кошо имаратты 170 миң сомго сатуу-сатып алуу келишимин түзүшүп, ал «Ак-Була Араван пахта заводуна» сатылган.

— 08.09.2001-ж. “Центр агрозем реформы” ишканасы тарабынан аталган имараттар боюнча»Ак-Була Араван пахта заводуна» менчик укугу жөнүндө күбөлүк берилген.

— 13.07.2004-ж. системалык жер каттоо мезгилинде ошол мезгилдеги айыл өкмөт Т.Жалиловдун токтому менен 3,32 га. жер аянты «Ак-Була Араван пахта заводуна» бекитилип берилген.

— 2009-жылы Турабай Бостонов, аталган имараттарды «Ак-Була Араван пахта заводу» ААКнан сатып алган.

Келип чыккан чырлардан улам, кайра 01.02.22-жылы «Ак-Була Араван пахта заводуна» кайрадан өткөрүп берген. Тараптар сотко кайрылышкан эмес.

  1. Айыл өкмөттүн административдик имараты боюнча:

-06.06.2006-ж. Баткен областтык райондор аралык сотунун 09.04.07-жылдагы, КРнын Жогорку сотунун токтому менен «Коминтерн» айыл чарба кооперативинен «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКнын (ОсОО) пайдасына 450 мин сом өндүрүү жагы каралган.

Бул имарат боюнча райондук соттук аткаруучулар тарабынан жарыяланган аукциондо Нурлан Набиев жеңип чыгып, 395 миң сомго сатып алган. Акчасын 02.07.2007-ж. «Лиматекс» ишканасынын кассасына төлөгөн.

— 28.12.2011-ж. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы А.Усеновдун 182-токтому менен аукциондун негизинде утуп алган Нурлан Набиевге имараттын ээлеп турган жер тилкеси бекитилип берген. Бекжан Жалиловдун Н.Набиев аталган имаратты сот аркылуу мыйзамсыз менчиктештирип алган деген дооматы негизсиз.

  1. Насыр Хасановдун алган жери жана үйү боюнча:  Бекжан Жалилов журналист Ыдырыс Исаковду алдап, же Ыдырыс озу атайылап, башка эле кишинин үйүн Насырдын үйү деп тасмага тартып чыгарышкан. Ага улай, от жагуучу жай (кательныйды) Хасанов алган деген жалган маалымат берген.
  2. Ы.Исаков тарабынан тартылган видео тасмада 5-адамга сатылып жаткан жеринен кармап алганмын деген калпакчан адамдын иш кагаздарын карап чыкканда, ал токтом 2000-2005-жылдары чыккандыгы маалым болду. Бул мезгилдерде айыл өкмөтү Б.Жалиловдун атасы Т.Жалилов болгон. Мага тиешелүү кылганга негиз жок.
  3. Бала бакчанын 2 имараты боюнча:

2013-жылы Исмаилов Ташкенбай жетектеген техсервистин менчигинде турган баланстык баасы 900 мин сомду тузгон бала бакчанын 2 имараттары эки тараптуу актынын негизинде, Жаны-Жер айыл өкмөтүнун балансына  (бекер, безвозмездно) өткөрүлүп берилген. Ал имараттар эч кандай сатылган эмес.

  1. Ыдырыс Исаковдун репортажындагы, мени 55, 60, 70 имарат объекттерди жерлерди, тактап айтканда, мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз менчиктештирип алган жана жерлерди мыйзамсыз саткан деген дооматтары баары караандай калп, алардын максаттары мени элге жаман корсотуу жана коомдо баш аламандыкты, туугандардын арасында козутууларды уюштуруу болгондугу ачык корунуп турат.

Мага жана менин уулум Бостонов Конурбайга таандык болгон имараттар бардыгы мыйзам чегинде сатылып алынган, Исаковдун репортаждары боюнча бугунку кундо тиешелуу органдар тарабынан текшеруу иштери жургузулуп жатат.

Белгилеп кетуучу жагдай, бугунку кунго чейин менин устумдон мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз менчиктештируу жана жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча жарандардан укук коргоо органдары арызх тушкон эмес жана мыйзамсыз аракеттер аныкталган эмес.

Бардык жагдайлар боюнча даилдүү жооп берүүгө даярмын.

СПРАВКА ҮЧҮН: Өмүр бою, мамлекеттен жүздөгөн га айдоо аянттарын ижарага алып, дыйканчылык менен алектенген. Пахта жана зыгыр майын берүүчү өсүмдүктөрдү эгип, элди иш орундары менен камсыздап, салыктарды убагында төлөп турган.

2005-жылы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчылына шайланган. Ал учурда, иштен чыккан бала бакчалардын бардыгы оңдотулуп ишке берилген. Эмгеги үчүн мамлекет башчысы тарабынан сыйланган.

Эмгек жамаат менен биргеликте, чек араларды аныктоого көмөкчү болуу максатын койуп,        Жаңы-Жер айыл аймагын кеңейтип, трансформациялоо жолу менен чектеш аймактардан 800гө жакын үй-бүлөлөргө турак-жай салууга жер ажыратып берүүгө жетишкен.

Пандемияда 100 үй бүлөгө азык-түлүк тараткан. Аймакта кайрымдуулук иштерин байма-бай жүргүзүп турат.

Учурда, дүкөнү жана май куйуучу жайлары чек ара жаңжалдарында өрттөнүп кеткен. Калыбына келтирүү аракеттери жеке каражаты тарабынан аткарылып жатат. Бул туруктуу киреше булагы жоктугунан кабар берет.