Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-мартта өкмөткө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Расмий маалыматта анда «жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы пландын долбоору талкууланды», деп айтылат.

Ошондой эле Байсалов жарандыгы жок адамдарга документ берүү маселелерин караган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

Жыл башында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен, 2253 адамга (1724ү чоңдор, 529у балдар) жарандык берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.