Өлкөдө кумшекер арзандап, баасы турукташып калды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Фрунзе» дүкөнүндө (чектөө коюлган) 1 кг кумшекердин баасы 60 сомго чейин сатылууда. Эгер 1 кгдан ашык кумшекер болсо, анын баасы 77 сомдон сатылууда.

«Народный», «Глобус», «Достор» дүкөндөрүндө социалдык канттын баасы бүгүндөн тартып арзандатылат.

Мындан тышкары, мекеме эң ири өндүрүүчү болуп эсептелген «Кайыңды Кант» ишканасына доллардын курсунун төмөндөшүнө жана салыктан бошотулгандыгына байланыштуу кумшекердин дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү үчүн билдирүү жөнөткөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бул багыттагы иштер улантылаарын жана республика боюнча базарларда, соода объектилеринде чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалып жатканын билдирди.