Майты участкасында 70 гектар жерге ички инвесторлордун колдоосу менен бак долбоор башталды. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Өскөнбай Ташбалтаев  билдирди.

Возможно, это изображение (природа и текст «REDMI NOTE 9 AI QUAD CAMERA»)

Анын айтымында, бак отургузуу атын ачыкка чыгаргысы келбеген жергиликтүү ишкер жигиттердин эки жылдык долбоору.

“Долбоордун алкагында бул аянттарга жемиш берүүчү гилас, алма, өрүк жана башка бактар отургузулат. Учурда жер даярдалып жатат. Көчөттөр Түркиядан алынып келинет, Израилдин тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарылат. Эң жакшы жери, бактар эки жылдын ичинде асилге кирип баштаганда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 30 сотыхтан бөлүнүп берилет”, — дейт Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы.

Эскерте кетсек, аталаган долбоор Лейлек районунун  мамлекеттик   администрациясынын башчысы Алмазбек Рахманкуловдун колдоосу менен ишке ашырылууда. Буга чейин Майтыдагы 70 гектар айдоо аянты Кулунду айыл өкмөтүнүн балансында болуп иштетилбей келген.