Бишкекте 4-апрелден тарта көп кабаттуу үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүү өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.

Мэрия бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат деп эскертти. «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап абанын орточо суткалык температурасынын жогорулашы күтүлөт, кескин суук болбойт», — деп билдиришти муниципалитеттен.