Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу кармалган Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-март күнү Баткен райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери аяктаганга чейин камакта калтырылган. Бүгүнкү күндө иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүгө буга чейин коюлган «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси өзгөртүүсүз калтырылган. Тергөөнүн жүрүшү менен бул берене өзгөрүлүшү же өзгөртүүсүз калышы азырынча белгисиз.

Арзыгүл Галымбетова 25-мартта Баткен ОИИБге келип, «Батма бат» YouTube каналында иштеген блогер кыз менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген арыз менен кайрылган. Бул арыз Баткен ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап, саат 20:00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай, түндө каза болуп калган.

Бул факт боюнча анын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иш козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну — Б.Ж. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.