Экономика
Кыргызстанда айрым банктарда доллардын курсу 79,5 сомго чейин төмөндөдү
Кыргызстандын айрым банктарында доллардын сатып алуу курсу 79,5 сомго чейин төмөндөдү.
Саат 12.40та алынган маалыматтар:
сатып алуу — 79,5 сомдон 81 сомго чейин;
сатуу — 81,5 сомдон 83 сомго чейин.
Белгилүү болгондой, акыркы күндөрү республикада доллардын курсу төмөндөп жатат. Февраль айынын акыркы күндөрүнөн тартып доллар 105 сомго чейин көтөрүлгөн.