Түштүк Корея Кыргызстан жарандарынын ишке орношуусу үчүн квоталык орунду көбөйттү. Бул тууралуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул жааттагы меморандумга 2007-жылы кол коюлган. Он беш жылдын аралыгында Кыргызстандын 5 миңден ашык жараны Кореяда иштеп, эмгек акы алып, аны менен катар жакшы тажрыйба да топтошкон.

«Учурда жарандарды ишке орноштуруу улантылууда. Белгилей кетсек, бүгүн корей тарап кыргыз жарандарын ишке орноштуруу үчүн квоталуу орундардын санын көбөйтүү чечимин кабыл алды. Мурда квотадагы орундардын саны миңге жетпесе, ал эми быйыл 1 миң 800дү түздү», — деди ал.

12-13-апрелде Бишкек шаарында, 14-15-апрелде Ош шаарында Түштүк Кореяга ишке орношуу үчүн документ тапшырган жарандардын корей тилин билүүсү боюнча сынак өтөт.