Түштүк Осетия жакын арада Россиянын курамына кирүү үчүн юридикалык аракеттерди көрүп баштайт. Мындай билдирүүнү кечээ, 30-мартта көз карандысыздыгы таанылбаган Түштүк Осетиянын башчысы Анатолий Бибилов билдирди.

Андан соң Бибиловдун басма сөз катчысы Түштүк Осетияны Россия Федерациясынын курамына киргизүү боюнча референдум

өтөрүн, референдумду 10-апрелде өтүүчү Түштүк Осетиянын башчысын шайлоодон кийин уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле «Deutsche Welle» маалымат агенттиги көз карандысыздыгы таанылбаган Абхазия Республикасы Россиянын курамына кирүүгө кызыктар эмес экенин жазды.

«Абхазиянын Конституциясы биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын так көрсөтүп турат. Россия — биздин стратегиялык өнөктөш, бизге жакын өлкө. Бирок анын курамына кирүүгө кызыктар эмеспиз», — деди Абхазия парламентинин спикери Валерий Кварчи.

Абхазия жана Түштүк Осетия Россия менен Грузиянын ортосунда жайгашкан.