Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын алкагында «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук павильонуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын улуттук павильонундагы кыргыз элинин нукура маданиятын, каада-салтын жана үрп-адатын чагылдырган экспозициялар менен таанышты, ал 2022-жылдын 30-мартында Эл аралык көргөзмө бюросунун сыйлоо күнүндө 40тан ашык өлкөнүн арасында «Theme Development» категориясындагы «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде ардактуу үчүнчү орунга ээ болгон.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмираттарынын, Россия Федерациясынын жана башка бир катар мамлекеттердин улуттук павильондорунда болду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Россия Федерациясынын илимий-технологиялык жетишкендиктери жана Бириккен Араб Эмиратынын архитектуралык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Арзыбек Кожошев «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн уюштурулушун жогору баалап, көргөзмөнүн «Идеяларды айкалыштыруу менен келечекти түзүү» урааны көргөзмөнүн философиясына толугу менен шайкеш келип, дүйнөгө жаңыча кароого мүмкүндүк берерин белгиледи.