2022-жылы Кыргызстандын жарандарынын Улуу Британия өлкөсүндө айыл чарба багытындагы жумуштарга иштөөсү үчүн 1 миң квота бөлүндү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, 16-мартта Улуу Британиядагы AgriHR компаниясы менен келишим түзүлдү. Ага ылайык, жарандар алты айга чейин айыл чарба жумуштарында иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Улуу Британиянын мамлекеттик программасы 2024-жылга чейин созулат. Акматбеков учурда 1 миң квота бөлүнгөнүн айтып, Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору тандоо процессине эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалады.

AgriHR компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Эшенкулова Улуу Британиянын айыл чарба тармагына жумушчуларды тартуу боюнча мамлекеттик программасы 1948-жылдан бери иштеп келе жатканын маалымдады. Программа мамлекеттик болгондуктан компания кызмат акы албайт. Жарандар бир гана визага, учак билетине жана ал өлкөдө иштеп, айлык алганга чейинки чыгымын өзү жабат.