Энергетика министрлиги Кытайдын мамлекеттик компаниясы менен Кыргызстанга кубаттуулугу 500 мегаватты түзгөн ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишим түздү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ГЭС Ысык-Көл облусунун аймагында курулат.
“Аталган компания менен электр энергиянын тарифи такталган. Учурда жер маселеси чечилүүдө”, — дейт министр.